AVN







ЖАМУНУН ПАТРИОТ СТУДЕНТТЕРИ

ЖАМУНУН ПАТРИОТ СТУДЕНТТЕРИ
 May 25, 2022  394

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 2022-жылдын 21-майында өткөрүлгөн аймактар аралык  университеттик IX олимпиадада кытай тили  боюнча ПМТФнын Эл аралык укук (кытай таануу) адистигинин студенттери алдынкы оорундарды ээлешти.

Алтымышова Адина 1-орунду, Абдусалиев Баатырбек 2-орунду, Зарипбек к. Нуржамал 3-орунду багындырып, дипломго ээ болушту. Жеңүүчүлөрдүн айтуусунда, алар бул олимпиадага жоопкерчилик менен даярдык көрүшкөн. Кытайдан келип окутуп жаткан окутуучу-профессорлордун эмгегин актагылары келишкен. Кытай тилин жакшы өздөштүрүшүп, КЭРдеги бир канча жогорку окуу жайларына акысыз стажировкаларга өткөндүктөрүн жана Кыргызстандагы кытай компанияларынын ишке чакырып жаткандыктарына кубангандыктарын жашырышкан жок.

    Ушундай жоопкерчиликтүү, зирек ЖАМУнун патриот студенттеринин окууларына, жашоосуна чоң-чоң ийгиликтерди каалайбыз!