AVN







ЭЧ КИМ, ЭЧ НЕРСЕ УНУТУЛБАЙТ

ЭЧ КИМ, ЭЧ НЕРСЕ УНУТУЛБАЙТ
 May 23, 2022  364

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Экономикалык-юридикалык факультетинин БЭк-1-21 тайпасында Улуу Ата Мекендик согуштун 77 жылдыгына карата куратордук саат өткөрүлдү. 

Улуу Ата Мекендик согуш 1941-жылы 22-июнда башталып, 1945-жылы 9-майда аяктаган. Быйыл Улуу Ата Мекендик согуштун аяктагына 77 жыл болду. Ага 365 миң кыргызстандык катышып, 100 миңдейи мерт болгон. Согуш учурунда 150 миң Кыргыз ССРинин тургундары орден жана медалдар менен сыйланып, 72и Соверттер Союзунун Баатырына татыган. Дүйшөнкүл Шопоков, Чолпонбай Түлөбердиев, Самат Садыков жана башка кыргыз жигиттеринин эрдиги тарыхта калды.

Куратордук саатта БЭк-1-21 тайпасынын студенттери Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндө илимий баяндамаларды, ырларды окушту, көркөм чыгармалардан көрүнүштөрдү  аткарышты.

Сабакты өткөрүүнүн максаты: жаш муундарга Жеңиш күнүнүн тарыхын, ата-бабалардын эрдигин даңазалоо, ошондой эле жаштарды эли-жерин көздүн карегиндей сактоого, мекенчилдикке тарбиялоо деп билдирди тайпанын куратору  Нурбек Мусакулов.

Кыргызстандын бейпил асманы бузулбасын! Өлкө эли ынтымакта, биримдикте жашап, балдар тынчтыкта жана келечекке, өнүгүүгө кадам шилтеген өлкөдө жашасын!

  • ЭЧ КИМ, ЭЧ НЕРСЕ УНУТУЛБАЙТ
  • ЭЧ КИМ, ЭЧ НЕРСЕ УНУТУЛБАЙТ
  • ЭЧ КИМ, ЭЧ НЕРСЕ УНУТУЛБАЙТ
  • ЭЧ КИМ, ЭЧ НЕРСЕ УНУТУЛБАЙТ
  • ЭЧ КИМ, ЭЧ НЕРСЕ УНУТУЛБАЙТ