AVN







ТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

ТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
 Mar 3, 2018  985

   Бүгүн 3-мартда Жалал-Абад мамлекеттик университети  Туу күнүн  жана Ак калпак күнүн белгиледи. Кызматкерлер жана студенттер айымдар  улуттук кийимин, жигиттер ак калпак кийип жөө жүрүшкө чыгышты.

    ЖАМУнун ректору Кеңешбек Усенов баштаган жалпы жамаат жана студенттер шаардын борбордук көчөлөрү менен мамлекеттик сивол болгон Тууну көтөрүп, жөө жүрүштүн катышуучулары Эркиндик аянтына келишти.  Андан соң аянттагы башкы желек обого желбиреп, гимн аткарылды. КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү куттуктоо сөзүн сүйлөп,  маараке маданият кызматкерлеринин концерттик программасы менен коштолду.

    Эскерте кетсек, булу күнү окуу жайда билим алып жаткан башка улуттун өкүлдөрү дагы кыргыздын улуттук кийимин жана ак калпак кийип жөө жүрүштүн катышуучулары болушту.

  • ТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • ТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • ТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • ТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • ТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ