AVN







ЖАМУДА АЙМАКТАР АРАЛЫК ОЛИМПИАДА БОЛУУДА

ЖАМУДА АЙМАКТАР АРАЛЫК ОЛИМПИАДА БОЛУУДА
 May 21, 2022  438

Бүгүн 21-майда Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад  мамлекеттик университетинде  IX аймактар аралык университеттик олимпиада уюштурулууда, ага  түштүк аймагынын жогорку окуу жайларынын окутуучулары жана студенттери катышууда.

Аймактар аралык университеттик олимпиадага 8 жогорку окуу жайдан 250дөн ашуун окутуучулар жана 700дөн ашуун студенттер катышып, жалпы 17  предметтен өз билимдерин сынашат.

ЖАМУнун илим иштери жана инновациялар боюнча проректору  К.Ж.Куваков – “Ар жылы түштүк аймагында жайгашкан жогорку окуу жайлар ортосунда олимпиада өтүп келет, бул жылы Жалал-Абад мамлекеттик университети уюштурууда.  Мындай билим таймаштарды уюштуруу менен жаштарды билимге умтулууга жана  бири-бири менен таанышып достукка үндөөгө шарт түзүү” – дейт ал.