AVN







ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТЫ ЖАМУДА КОНОКТО

ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТЫ ЖАМУДА КОНОКТО
 May 20, 2022  448

Жалал-Абад колледжинин студенттери менен КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты, коомдук ишмер  Нуржигит Кадырбеков жолугушту. Жолугушуу ЖАМУнун Р.Абдыкадыров атындагы чоң жыйындар залында “Китепкөй улут” – деген аталыш менен  Жалал-Абад колледжинин “Педагогика жана кыргыз тили” ПЦКсынын окутуучулары тарабынан уюштурулду.

 Иш чаранын негизги максаты  колледждин студенттери арасында китеп окуу адатын жайылтуу, алардын руханий, интеллектуалдык потенциалын жогорулатуу дешет уюштуруучулар.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, коомдук ишмер Нуржигит Кадырбеков менен бирге  “Бир адамдан бир китеп” долбоорунун негиздөөчүсү Эрлан Смайыл уулу, “Бир адамдан бир китеп” долбоорунун Россия Федерациясынын Москва региону боюнча активисти Мунарбек Базаркулов, “Дост курулуш” компаниясынын башчысы Түгөлбай Сейдалиев, студенттер жана окутуучулар катышышты.  Нуржигит Кадырбеков өзүнүн мотивациялык көз караштары, окуган китептери тууралуу студенттер менен ой бөлүштү. Келген коноктор студенттердин түрдүү суроолоруна жооп берип, “Жаштарга кантип китеп окутуу керек” – деген темада талкуу болду.

  • ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТЫ ЖАМУДА КОНОКТО
  • ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТЫ ЖАМУДА КОНОКТО
  • ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТЫ ЖАМУДА КОНОКТО