AVN







ЖАМУ – ЖАШТЫКТЫН ДЕМИ, БИЛИМДИН КЕНИ!

ЖАМУ – ЖАШТЫКТЫН ДЕМИ, БИЛИМДИН КЕНИ!
 May 19, 2022  420

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Кеңешбек Усенов окуу жайдын эмгек жамааты жана студенттери менен жолугушууда. Мындай жолугушуу жал сайын ар бир факультеттердин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери  менен болуп келет.

“ЖАМУ – жаштыктын деми, билимдин кени” – ураанынын астында атайын графиктин негизиде жолугушуп, анда окуу жайда жыл бою аткарылган иштер, жетишкен ийгиликтер жана алдыдагы аткарылчу пландар жөнүндө ректор өзү маалымат берүүдө. Ошондой эле студенттер тарабынан суроолор-сунуштар айтылууда.

Ректор филология факультетинин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер менен жолугушуу учурунда Америка Кошмо Штатында жана Турция мамлекетинде иш сапарларында болуп, бир катар окуу жайлар жана инвесторлор менен иштешүү үчүн келишимдерди түзүп келгенин айтты.

 “Турция мамлекетинде иш сапарда болуп, анын алкагында Осмон империясы убагында ачылган медициналык университети менен иштешүү үчүн келишим түзүлдү. Аталган университет дүйнөлүк рейтингде алдынкы 10 университеттин катарында болсо, өз өлкөсүндө  сап башында турат. Медициналык университетинде 40 000 ден ашуун студент билим алат,  карамагында 60 клиникасы бар. Мына ушундай алдынкы окуу жай менен иштешип, академиялык мобилдүүлүк менен окутуучуларыбыз  лекция окуп келсе, студенттерибиз билим алып келишет” – дейт Кеңешбек Усенов.

Ошондой эле ЖАМУда административдик, окуу корпустары жана клиника курулуп жатканын билдирип, жалпы кызматкерлердин айлык акысы жогорулагандыгы жонүндө айтып өттү.

Жолугушуунун соңунда студенттер ректорго ыраазычылыгын билдиришип, окуу жайда жыл сайын материалдык-техникалык база чыңдалып,  заманбап шарттар түзүлүп жатканын билдиришти. Андан сырткары студенттин терең билим алуусуна көп көңүл бурулуу менен коррупцияга каршы иш аракеттер байкалаарлык жүргүзүлүп жатканын баса белгилешти.

Студенттер окуу жай тарабынан мотивация берүүчү стипендия уюштуруп берүүсүн сунушташты. Сунушту ректор дароо кабыл алып, мотивация берүүчү 3 түрдүү стипендиянын долбоору каралып жатканын билдирди.

  • ЖАМУ – ЖАШТЫКТЫН ДЕМИ, БИЛИМДИН КЕНИ!
  • ЖАМУ – ЖАШТЫКТЫН ДЕМИ, БИЛИМДИН КЕНИ!
  • ЖАМУ – ЖАШТЫКТЫН ДЕМИ, БИЛИМДИН КЕНИ!
  • ЖАМУ – ЖАШТЫКТЫН ДЕМИ, БИЛИМДИН КЕНИ!
  • ЖАМУ – ЖАШТЫКТЫН ДЕМИ, БИЛИМДИН КЕНИ!
  • ЖАМУ – ЖАШТЫКТЫН ДЕМИ, БИЛИМДИН КЕНИ!
  • ЖАМУ – ЖАШТЫКТЫН ДЕМИ, БИЛИМДИН КЕНИ!