AVN







ЭЛ ЫРЧЫСЫ ЭСКЕРИЛДИ

ЭЛ ЫРЧЫСЫ ЭСКЕРИЛДИ
 May 18, 2022  409

Кыргыз Республикасынын эл артисти,  21-кылымдын залкар төкмө акыны Элмирбек Иманалиевди эскерүү кечеси ЖАМУнун Р.Абдыкадыров атындагы чоң жыйындар залында болуп өттү.

Эскерүү кечесин Жалал-Абад колледжинин Педагогика жана кыргыз тили ПЦКсынын окутуучулары Г.Мамырасулова, К.Орунбаев, У.Абдуллаева, Э.Маткаримова жана Ж.Назалова тарабынан уюштурулду.

  Кечеге “Ак тандай” акындар ордосунун тең төрагасы Төрөбай Арзыбаев, белгилүү төкмө акын  Э.Имнаналиевдин үзөңгүлөш досу Сапарбек Зулпуев жана жаш төкмө акындар Ынакбек Токтосунов, Тынарбек Буураев, Нурсултан Абдикаримовдор  катышышты.

  • ЭЛ ЫРЧЫСЫ ЭСКЕРИЛДИ
  • ЭЛ ЫРЧЫСЫ ЭСКЕРИЛДИ