Жалал-Абад колледжинин экономикалык-юридикалык бөлүмүнүн “Ишкердиктин негиздери” предметинен сабак өткөн окутуучулары Чекиргозова Г., Тукуева Н., Кочкорова А., Ташбекова Т. тарабынан 3-курстун студенттери арасында 14-май күнү жарманке уюштурулду. Жарманке аталган предмет боюнча бир нече темаларды жыйынтыктоочу практикалык сабак катарында өткөрүлүп, студенттерге ишкердикке биринчи кадам таштоого мүмкүндүк берди. Жарманке учурунда студенттер сатуу үчүн продукция даярдашты, өздүк наркын эсептешти, баа коюшту, кардарга мамиле кылуу жана сатуу боюнча көндүмдөргө ээ болушту, о.э. пайдасын эсептешти.
Мындай иш чараларды уюштуруу менен жаштарды ишкердикке үйрөтүү – дешет уюштуруучулар.