AVN

АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮДӨ ЖАШТАРДЫН ОРДУ ЧОҢ

АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮДӨ ЖАШТАРДЫН ОРДУ  ЧОҢ
 Mar 2, 2018  930

КРнын Жалал-Абад облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев облустун аймактарындагы жогорку, кесиптик жана орто-кесиптик окуу жайларынын студенттери менен 28-февраль күнү жолугушту. Жолугушуу “2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылына” карата “Аймактарды өнүктүрүүдө- жаштардын ролу” аттуу темада болду.  Бул тууралуу ЖАМУнун социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору Айгүл Доранова билдирди.

        Анын айтымында иш-чарага жалпы  210 студент  келип, ЖАМУнун материалдык-техникалык, окуу-усулдук базасы, Америка ордосу, Конфуций институтунун корпустары жана факультеттердин, колледждердин жетишкендиктеринин көргөзмөсү  менен таанышышкан.

            Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн  Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүл менен жолугушууда университеттин жаштар комитетинин төрагасы Адилет Усенов “Билимдүү жаштар өлкөнүн келечеги” деген темада маанилүү жана кызыктуу баяндама жасады жана аймактарды, өлкөнү өнүктүрүү үчүн өз сунуштарын берди. Ошондой эле башка жактан келген жаштар дагы өкүлгө кызыккан суроолорун берүү менен өзүлөрү окуган окуу жайлардын жетишкендиктерин, көйгөйлөрүн билдирүү менен өлкөнү өнүктүрүүгө болгон сунуштарын билдиришти.

           Ал эми келген студенттерге  ЖАМУнун ректору, профессор Кенешбек Усеновдун демилгеси менен түшкү тамак уюштурулду. Андан соң ЖАМУнун “JASU stars” ЖЭУнун “Торнадо”, ЖУББАнын “Без обид”, Жалал-Абаддагы №75 кесиптик лицейинин “Эксклюзив” командаларынын ортосунда тамашоу оюну болуп, ал ЖАМУнун маданий- эстетикалык борборунун кызматкерлери даярдаган концерттик номерлер менен коштолду.

  • АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮДӨ ЖАШТАРДЫН ОРДУ  ЧОҢ