AVN







ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ БИР НЕЧЕ КОНОК ЛЕКЦИЯЛАР ӨТКӨРҮЛДҮ

ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ БИР НЕЧЕ КОНОК ЛЕКЦИЯЛАР ӨТКӨРҮЛДҮ
 May 16, 2022  377

Жалал–Абад колледжиндеги  “Педагогика жана социалдык иштер” бөлүмүнүн окутуучулары Тобокелова Саламат жана Мамбетова Мира тарабынан “Окуу Керемет”  долбоорунун жумушчу тобунун конок лекциясы 2022-жылдын 26-апрелинде  келечектеги башталгыч класстын мугалимдери үчүн болуп өттү.  

  ”Окуу керемет” долбоорунун окуу боюнча адиси Жусупова Айкынай, математика боюнча адиси Аликова Аида долбоордун максаттары жана милдеттери менен тааныштырды.  Долбоорунун алкагындагы класстан тышкаркы иш-чараларды өткөрүү боюнча  Айылчиева Элмира,  электрондук китептер жана аларды колдонуу ыкмалары жөнүндө Айылчиева Назгүл презентация жасашты.

    Андан соң, Жалал-Абад шаарынын №9  Р.Санатбаев атындагы инновациялык мектебинин башталгыч класс мугалими Мамадразакова Бурул жана Сузак районунун №22 А.П. Гайдар атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч класс мугалими Маматкулова Арзыкан  долбоор сунуштаган стратегияларды пайдаланып мастер класс өтүп беришти. Аягында студенттерди кызыктырган жана түйшөлткөн суроолорду чакырылган жумушту топко берип, кызыктуу талкуу болду, ошондой эле Жалал-Абад колледжинин жетекчилиги тарабынан келген жумушчу топко ыраазычылык каттарды тапшырды.

     Жалал-Абад колледжинин «Педагогика жана кыргыз тили» ПЦКсында “Башталгыч класстарда окутуу” адистигинин студенттерине “Класс жетекчинин баланы тарбиялоодо аткарган иш аракеттери” атуу конок лекция өткөрүлдү. Лекцияны  Жалал-Абад шаарындагы № 8-орто мектептин тарбия иштери боюнча директорунун орун басары Байкүчүкова Данагүл өттү. Студенттер өздөрүн кызыктырган көйгөйлүү суроолорду берип, кызыктуу талкуу болду.

          2022-жылдын 18-апрелинде Жалал-Абад колледжинин «Дене тарбия» ПЦКсында “Дене тарбия” адистигинин студенттерине алыш күрөшү боюнча конок лекция өткөрүлдү. Лекцияны алыш күрөшү боюнча дүйнөнүн үч жолку жеңүүчүсү, И.Раззаков атындагы спорт мектебинин директору Аканов Чыңгыз Калмаматович окуду.

Спортко абдан кызыккан, демилгелүү студенттер Ч.Акановдун спорттук карьерасындагы кыйынчылыктар, талбаган эмгеги жана жеңиштери тууралуу окуяларын кунт коюп угушуп, өздөрүндө да жеңүүчү болууга мотив пайда болгонун айтышты.

         Жалал-Абад колледжинин «Мектепке чейинки билим берүү жана социалдык иштер» ПЦКсында СРк-2-19 жана СРк-2-20 тайпаларынын студенттери  үчүн “Майыптыгы бар карылардын социалдык жардам алуудагы көйгөйлөрү” деген темада конок лекция уюштурулду. Конок лекцияны ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын "Данакер" коомдук бирикмесинин төрайымы Тарыкчиева Айжамал Мадановна окуду.

Студенттер ар түрдүү багыттагы проблемаларды адис менен чогуу талкуулап, өздөрүнүн тандаган кесиби абдан чоң жоопкерчиликти, гумандуулукту талап кылган адистик экендигине дагы бир ирет ынангандарын билдиришти. Колледждин директору тарабынан “Данакер” коомдук бирикмесинин төрайымына ыраазычылык кат тапшырылды жана мындан аркы кызматташуу өбөлгөлөрү талкууланды.

     Жалал-Абад колледжинин окутуучулар жамааты студенттер менен биргеликте мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, карылар үйүнө жана балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесине барып келишти. МЧББ/СРк-2-21, ТОИРАТ-2-21 группаларынын студенттери карылар үйүнө азык-түлүк, кийим-кече, күнүмдүк колдонуучу каражаттарды, мөмө жемиштерди, алып барышты.
Студенттер  чакан концерттик программа даярдап, карылар үйүндө жашагандарга  майрамдык маанай тартуулашты.

    БД/ССк-2-21 тайпасынын куратору Эгембердиева Рабия тайпасындагы студенттери менен бирге Жалал-Абад шаарындагы балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесине кайрымдуулук иретинде  материалдык жардам беришти.  Мекеменин директору Алимжанова Дамира Курсановна жалпы жамааты менен биздин студенттерге жана окутуучуларга ыраазычылык билдиришти. 

    БКМк-2-21 тайпасынын студенттери жана куратору балдар үйүнө 80 метр сапаттуу бак сугаруучу түтүк  жана акчалай жардам берип келишти.  Жолугушуулар учурунда студенттер, окутуучулар жогоруда аталган мекемелердеги социалдык колдоого муктаж адамдар менен баарлашып, көңүлдөрүн көтөрүп кайтышты.

  • ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ БИР НЕЧЕ КОНОК ЛЕКЦИЯЛАР ӨТКӨРҮЛДҮ
  • ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ БИР НЕЧЕ КОНОК ЛЕКЦИЯЛАР ӨТКӨРҮЛДҮ
  • ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ БИР НЕЧЕ КОНОК ЛЕКЦИЯЛАР ӨТКӨРҮЛДҮ