AVN

ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНИН КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮЧҮ ИШ ЧАРАСЫ

ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНИН КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮЧҮ ИШ ЧАРАСЫ
 May 16, 2022  402

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад колледжинин кесипке багыт берүүчү иш чарасы 2022-жылдын 14-май күнү Жалал-Абад шаарындагы №9 Р.Санатбаев атындагы инновациялык мектеп гимназиясында өткөрүлдү.  

   Иш  чарада  Жалал-Абад колледжинин бүтүрүүчү курстарынын студенттери жана окутуучулары өз адистиктеринин артыкчылыктары, ишке жайгашуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кыскача презентацияларды жасашып, параддан өтүштү. Бул күнү Р.Санатбаев атындагы инновациялык мектеп гимназиясына Жалал-Абад шаарынын бардык мектептеринен 9-10-11-класстын окуучулары спорттук мелдешке катышуу үчүн келишкен. Алар колледждеги ар бир адистик жөнүндө маалымат алышты -  дейт коллдждин директору Б.М. Турдубаева.

    Иш чарада төмөнкү адистиктер жөнүндө маалыматтар айтылды;

  • “Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу”
  • “Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо”
  • “Ветеринария”
  • “Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана  оңдоо”
  • “Өзгөчө кырдаалдарда коргонуу”
  • “Электр менен жабдуу”
  • “Электр станциялары, түйүндөр жана тармактар”
  • “Социалдык иш”
  • “Мектепке чейинки билим берүү”
  • “Башталгыч класстарда окутуу”
  • “Чет тили”
  • “Дене тарбия”
  • “Финансы жана кредит (тармактар боюнча)”
  • “Бухгалтердик эсеп”
  • “Салык жана салык салуу”
  • “Укук таануу”
  • “Тигүү буюмдарын конструкциялоо,  моделдештирүү жана технология”.

     Иш чарага адистиктердин иш берүүчүлөрү, ЖАМУнун администрациясынын өкүлдөрү, шаардагы мектептердин директорлору жана Жалал-Абад колледжинин бүтүрүүчү курстарынын студенттери катышышты. “Ишкердикти өнүктүрүү” курсунда окугандар өздөрүнүн колдору менен жасаган буюмдарын, тамак-аштарын жарманкеге коюп, сатышты. Адистиктер жөнүндө буклеттер таркатылды, кесипке багыт берүүчү иш чара өз максатына жетти.

  • ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНИН КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮЧҮ ИШ ЧАРАСЫ