AVN







Бюджеттик негизде окуган бүтүрүүчүлөр жумушка бөлүштүрүлдү

Бюджеттик негизде окуган бүтүрүүчүлөр жумушка бөлүштүрүлдү
 May 13, 2022  544

22.04.22 күнү ЖАМУнун педагогикалык багытында бюджеттик негизде билим алып жаткан 261 бүтүрүүчү Республиканын мектептерине бош орундарга жумушка бөлүштүрүлдү. Бөлүштүрүү (№37 10.03.22. буйрук) комиссиянын катышуусунда жүрдү. Иш чараны комиссия төрагасы ЖАМУнун окуу иштери боюнча проректору А.П.Алибаев сөз сүйлөп ачты. Ал өз сөзүндө ЖАМУну быйыл 755 педагогикалык багыттагы бүтүрүүчү аяктап жатканын айтып, алардын ичинен 261 бюджеттик багытта, ал эми 494 бүтүрүүчү контрактык багытта бүтүрүп жатканына токтолду. Ошону менен катар контрактык негизде бүтүруп жаткан студенттер дагы быйылкы окуу жылында бош жумуш орундарга бөлүнө турганын баса белгиледи.

Областык билим берүү борборунун директору А.А.Токтосунов сөз сүйлөдү, областын мектептерине 317 бош орун азыркы кезде жаш кадырларды күтүп жаткандыгын жана ошондой эле эң көйгөйлүү орус мектептерине мугалимдердин жетишсиз болуп жатканын айтты. Иш чарага областагы Таш-Көмүр, Майлуу-Суу, Көк-Жаңгак, Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн, Базар-Коргон, Сузак, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилери, адистери мектеп директору болуп жалпы 22 жумуш берүүчү катышты.

Ондуруштук практика жана карьера болумунун башчысы Жолдошалиева Нурия Султановна

  • Бюджеттик негизде окуган бүтүрүүчүлөр жумушка бөлүштүрүлдү
  • Бюджеттик негизде окуган бүтүрүүчүлөр жумушка бөлүштүрүлдү