AVN







Кыргыз Республикасынын Конституциясы: абалы жана келечеги

Кыргыз Республикасынын Конституциясы: абалы жана келечеги
 May 7, 2022  662

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономикалык-Юридикалык факультетинин Жарандык укук жана адвокатура, Кылмыш жаза укуктук дисциплиналар кафедралары тарабынан 2022-жылдын 4-майында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 29 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Конституциясы: абалы жана келечеги аталышында онлайн жана офлайн форматында иш чара болуп өттү. Иш чарага Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Илимий иштер жана инновациялар боюнча проректору тех.и.к., доцент Куваков С.Ж. жана ЭЮФнын деканы А.К.Аскаровалар катышып жалпы жамаатты 5-май Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен чын дилден куттуктап өтүштү. Иш чаранын жүрүшүндө  Жарандык укук жана адвокатура кафедрасынын профессору, ю.и.д., Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи А.А.Арабаев, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдагы Конституциясынын социалдык-саясий маңызы жана концептуалдык өзгөчөлүктөрү,  ОшМУнун Юридикалык факультетинин деканы ю.и.д., профессор Кулдышева Г.К.- Конституциялык реформа,   Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Юридика-бажы факультетинин деканы - ю.и.д., профессор Көкөева А.- Сот бийлигинин Конституциялык негиздери жана учурдагы абалы,  ОшМЮИнун доценти ю.и.к., доцент Пазылов Н.А.- Кыргыз Республикасынын жарандарынын эмгекке болгон укугу, К.Ш.Токтомаматов атындагы ЭАУнун Кылмыш жаза укугу жана процесси кафедрасынын башчысы ю.и.к., профессор Юлдашев К.К.- О соотношении морали и права в условиях конституционного развития Кыргызской Республики, Майлуу-Суу Борбордук-Азия колледжинин окуу-иштери боюнча директорунун орун басары - Гузева З.Р.- Конституция Кыргызской Республики: взгляд современника, Тарых кафедрасынын башчысы тарых.и.к., доцент Авазов Э.А. - Баш мыйзамдын башаты: калыптанышы жана өнүгүү тарыхы аталышындагы маанилүү жана мазмундуу докладдары менен катышышты. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын тарыхына, абалына келечегине жана “Элдик курултай” жөнүндөгү конституциялык мыйзам долбооруна жана курултайдын укуктары, иштөө тартиби, делегаттарды шайлоонун жол-жоболору боюнча да ой-пикирлерин жана Конституция баш мыйзам - өлкөнүн негизги (башкы) мыйзамы, мамлекеттин өзгөчө укуктук документи экендигин, Конституция мамлекеттин жана коомдун түзүлүшүнүн негиздерин, адамдын жана жарандын укуктук абалынын негиздерин жөнгө салуусун, «Конституция» түшүнүгү Байыркы Рим императорлорунун айрым актыларында жана орто кылымдарда колдонулгандыгын, бирок мааниси жана формасы жагынан укуктук акт боло алган эместигин, королдук жана феодалдык зомбулуктарды чектөө үчүн коомдун белгилүү бир өнүгүү этаптарында Конституция өзгөчө документ катары пайда болгондугун жана алгачкы жазылган Конституция 1787-жылы АКШда кабыл алынып, жогорку юридикалык күчкө ээ болуп, кабыл алуунун жана өзгөртүү киргизүүнүн өзгөчө тартиби менен мүнөздөлөөрүнө токтолуп өтүштү деп – билдирди Жарандык укук жана адвокатура кафедрасынын башчысы, ю.и.к., доцент Н.К.Нарматов.    

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы: абалы жана келечеги
  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы: абалы жана келечеги
  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы: абалы жана келечеги
  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы: абалы жана келечеги
  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы: абалы жана келечеги