AVN







ЛЕКТОР АНТРПОЗООНДУК ЫЛАҢДАР ЖӨНҮНДӨ АЙТЫП БЕРДИ

ЛЕКТОР АНТРПОЗООНДУК ЫЛАҢДАР ЖӨНҮНДӨ АЙТЫП БЕРДИ
 Apr 27, 2022  534

Жалал-Абад шаардык ветеринардык жана фитосанитардык башкармалыгынын башчысы Н.Т.Шерматов "Антрпозоондук ылаңдар" деген темада, эмгек рыногунун суроо-талаптарына ээ болгон бүтүрүүчү даярдоо максатында лекция өтүп,студенттердин  суроолоруна жооп берди. ЖАМУнун  ветеринардык медицина кафедрасынын ага окутуучусу С.Момунжанов ветеринария адистигинин өзгөчөлүгүн белгилеп, Жалал-Абад шаардык ветеринардык жана фитосанитардык башкармалыгы менен окуу жай тыгыз кызматташтыкта иш алып бараарын айтты. Анын далили Жалал-Абад колледжинин  студенттери өндүрүштүк, мамлекеттик  практикаларын ушул мекемеде өтөгөндүгү деди.  Иш берүүчү менен баарлашуу учурунда негизги көйгөйлөрдүн бири катары айыл жерлеринде ветеринардык адистердин жетишсиздиги айтылды. Студенттер лекторго ветеринария багытында кызыктырган суроолорду берип, жоопторду алышты.