AVN







ӨЗҮН-ӨЗҮ БААЛООНУ ҮЙРӨНҮШТҮ

ӨЗҮН-ӨЗҮ БААЛООНУ ҮЙРӨНҮШТҮ
 Mar 2, 2018  957

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 28-февраль жана 1-март күндөрү, «EDNET» аккредитациялык агенттиги тарабынан «Окуу жайдын өзүн-өзү баалоосу жана өзүн-өзү баалоо боюнча отчету» аталыштагы семинар-тренинг өткөрүлдү. Бул тууралуу ЖАМУнун Сапат бөлүмүнөн кабарлашты.

Алар кошумчалагандай «EDNET» аккредитациялык агенттигинин адистери өзүн-өзү баалоо боюнча отчет кандай жазылуу керектигинин жол-жобосу туурасында семинардын катышуучуларына маалымат беришти. Ал эми  семинарга Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 70ден  ашык   окутуучулары катышкан.

  • ӨЗҮН-ӨЗҮ БААЛООНУ ҮЙРӨНҮШТҮ
  • ӨЗҮН-ӨЗҮ БААЛООНУ ҮЙРӨНҮШТҮ