AVN







ЖАМУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯДА

ЖАМУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯДА
 Apr 27, 2022  528

2022-жылдын 22-апрелинде Бишкек шаарындагы Ала-Тоо эл аралык университетинде ф.и.д., профессор жана Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер Эдилова Мариям Миталиповнанын 70 жылдык мааракесине арналган "Гендер философиясы: теория жана практика" аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференцияга Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун профессор Ш.М.Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынан доцент Г.Т.Токтогулова, ага окутуучу А.Д.Доранова жана окутуучу А.А.Усенов катышып, өздөрүнүн илимий баяндамаларын жасашты.

Эл аралык илимий-практикалык конференциянын максаты — постсоветтик республикаларда, ошондой эле жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө коомдук турмуштун түрдүү чөйрөлөрүндө гендердик өңүттү киргизүүнүн актуалдуу проблемаларын талкуулоо болгон. Ага ылайык, конференциянын жүрүшүндө гендердин саясий, социалдык, медициналык, психологиялык, экономикалык, илим жана билим жаатындагы маселелерине илимий аңдоо жүргүзүлгөн баяндамалар жасалды. Пленардык жыйын жана 12 секция менен коштолгон кызуу талкуу  суроо-жооптор болуп, бул жаатта илимий аспекте карала турган маселелер арбын экени айтылып,  резолюция кабыл алынды.

  • ЖАМУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯДА
  • ЖАМУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯДА
  • ЖАМУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯДА