AVN







КОНОК ЛЕКЦИЯ - ТАЖРЫЙБАНЫ БАЙЫТАТ

КОНОК ЛЕКЦИЯ - ТАЖРЫЙБАНЫ БАЙЫТАТ
 Apr 27, 2022  625

Экономикалык-юридикалык факултетинин экономика, эсеп жана каржы кафедрасында экономика багытындагы студенттерге иш берүүчүлөр тарабынан конок лекциялар уюштурулуп келет. Конок лекцияда теория менен практиканын байланышына баа берилип, аларды өркүндөтүүнүн жолдору, инновациялык технологияларды колдонуу, окутуучу, иш берүүчү менен студенттердин ортосундагы байланыш  практикаланып келе жатат.

Конок лекция экономика багытынын бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит, финансы жана кредит профилинде билим алып жаткан 3-курстун студенттерине бухгалтердик эсеп сабагынан өтүлдү. Конок лекцияны КРнын мамлекеттик мүлк фондусунун карамагындагы “Элдик” мамлекеттик ишканасынын башкы бухгалтердин орун басары Джумашева Бактыгүл Карыповна өттү. Лектор студенттер үчүн учурдагы ишканалардын эсеби, формасы, мааниси боюнча кеңири маалымат берди. Лекцияда суроо-жооптор талкууланып, конок лекциянын жүрүшү студенттер үчүн кызыктуу болду. Конок лекцияда лектор менен ага окутуучу Аширалиева Бактыгүл Абдиумаматкадыровна, окутуучу Жамашева Гулбара Султанбековна, кафедра башчысы э.и.к., доцент Төлөнов Эмил Нажимидинович пикир алмашып, жыйынтыгында лекторго ийгилик каалашты.

 

  • КОНОК ЛЕКЦИЯ - ТАЖРЫЙБАНЫ БАЙЫТАТ
  • КОНОК ЛЕКЦИЯ - ТАЖРЫЙБАНЫ БАЙЫТАТ