СУЗАК РАЙОНУ БОЮНЧА БАШКАРМАЛЫГЫНЫН АТАЙЫН САЛЫК РЕЖИМДЕРИ БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫСЫ КОНОК ЛЕКЦИЯДА
Apr 27, 2022 639
Жалал - Абад колледжинин экономика ПЦКсынын ССк-2-20, Фк-2-20, БЭк-2-20 тайпаларынын студенттери үчүн мамлекеттик салык кызматынын Сузак району боюнча башкармалыгынын атайын салык режимдери бөлүмүнүн башчысы Мусаев Тынчтыкбек Абдыкеримович “Патенттин негизиндеги салык” деген темадагы конорк лекциясын окуду. Анда электрондук патент, атайын режимдеги төлөнүүчү салыктар, ККМ, ISNAK, салык төлөөчүлөрдүн жеңилдиктери тууралуу маалыматтар айтылды. Мындан сырткары лекция суроо-жооп менен коштолуп, лектор студенттердин суроолоруна жооп берди.
Конок лекцияны уюштуруудагы башкы максат студенттерге экономикалык ишмердүүлүк үчүн салык салуу кызматы мамлекетке өтө маанилүү экендигин түшүндүрүү жана келечекте студенттер көп маалыматка ээ болуп, мыкты адис болуусуна шарт түзүү экендиги уюштуруучулар тарабынан айтылды.