AVN







ЖЕТИ ЖУМАЛЫК МАМЛЕКЕТТИК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛУП ӨТТҮ

ЖЕТИ ЖУМАЛЫК МАМЛЕКЕТТИК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛУП ӨТТҮ
 Apr 25, 2022  512

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин чет тили адистигинин  Атк-01-20, Атк-2-19, Атк-3-19, тайпаларынын студенттери  7 (жети) жумалык мамлекеттик практикасын Жалал-Абад шаардык жана Жалал-Абад областык мектептеринде офлайн форматында өтөп келишти. 3-курстардын студенттери үчүн 2021-2022- окуу жылынын 21-апрелинде, мамлекеттик практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы офлайн форматта болуп өттү.

Конференцияда студенттердин 7 жума аралыгында жүргүзүп келген иштеринин, жыйынтык отчеттору угулду. Алар бул конференциясынын жыйынтыгында, практика жетекчилер жана студенттер практика учурунда жетишкен ийгиликтерин, кетирген кемчиликтерин, туш болгон кыйынчылыктарын кенен айтып беришип, ар бир студент презентацияларын жасап, слайддарын жана видеолорун көрсөтщшщп отчет беришти. Мыкты практика өтөгөн айрым студенттер мектептерден ыраазычылык кат да алышкан. Ар бир студент өтөгөн практикасы боюнча өз отчетун коргой алды. Конференция суроо -жооп, талкуулоолор менен коштолду. Алардын отчеттору практика жетекчилери тарабынан бааланды. Бул мамлекттик практиканын жыйынтыктоочу конференциясы ийгиликтүү аяктады.

Мамлекеттик практиканын жыйынтыктоочу конференциясына Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун практика жана карьера бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Нурия Жолдошалиева, Жалал-Абад колледжинин өндүрүштүк практика иштери боюнча директордун орун басары Үлпат  Кайкыева, Чет тили ПЦКсынын практика жетекчилери жана студенттер катышышты.

  • ЖЕТИ ЖУМАЛЫК МАМЛЕКЕТТИК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛУП ӨТТҮ
  • ЖЕТИ ЖУМАЛЫК МАМЛЕКЕТТИК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛУП ӨТТҮ