AVN







ЖАКТЫН ЧЕТ ТИЛИ ОКУТУУЧУЛАРЫ КЕЗЕКТЕГИ СЕМИНАРДА

ЖАКТЫН ЧЕТ ТИЛИ ОКУТУУЧУЛАРЫ КЕЗЕКТЕГИ СЕМИНАРДА
 Apr 25, 2022  344

Окутуучу ар дайым үйрѳнүп, ѳзүн-ѳзү ѳнүктүрүп, жаӊылап туруусу бүгүнкү күндүн талабы.  Замандын талаптарына ылайык окутуу усулдары да өзгөрүүдө. ЖАКтын Чет тили ПЦКсынын окутуучулары англис тилин үйрѳтүүнүн усулдары боюнча мугалимден мугалимге жардам аттуу семинар  уюштурушуп жатат.  Бул семинардын максаты  англис тилин үйрѳтүү багытында методикалык жардам берүү жана билим берүүнү жаӊыртуу менен бирге, окутуучулар бири –бирин колдоо максатында, тажрыйба алмашуу. Сѳз байлыгын ѳнүктүрүү стратегиялары жана кѳнүгүүлѳр, коммуникативдик жана интерактивдүү оюндар аркылуу кызыктуу сабактарды уюштуруу, грамматиканы окутуунун креативдүү жолдорун үйрөтүү, семинардын максаты. Сабакта заманбап технологияларды жана интернет ресурстарды кеңири колдонуу окутуучунун милдети болуп эсептелет. Семинардын уюштуруучулары Женалиева Замира жана Мурзалиева Мунара “Storytelling” усулу боюнча кеңири маалымат беришип, кѳптѳгѳн практикалык кѳнүгүүлѳрдү үйрѳтүштү. Ал эми Айылчиева Назгүл менен Кадырбек кызы Элиза “Today is a reader, tomorrow is a leader” деген темада семинар өтүп беришти.

 

  • ЖАКТЫН ЧЕТ ТИЛИ ОКУТУУЧУЛАРЫ КЕЗЕКТЕГИ СЕМИНАРДА