ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ КОНОК ЛЕКЦИЯЛАРДЫ ӨТКӨРҮҮ ЖАКШЫ ЖОЛГО КОЮЛУУДА
Apr 25, 2022 430
Академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында колледждер арасында окмуштуулардын конок лекцияларын уюштуруу, жакшы саамалык болуп жатат. Жалал-Абад колледжининчет тили адистигинин чет тили окутуучулары жана Атк-2-19, Атк-01-20, Атк-3-19 тайпаларынын студенттери, 21-апрелде конок лекция өткөрүштү. ОшМУнун колледжинен келген коноктор чет тили окутуучусу Рахимбаева Гульгена Абдуллаевна “Teaching forms of assessment” -Балоо каражаттарынын формалары деген темада, ал эми чет тили окутуучусу Абдуматова София Нуралиевна “Teaching an innovation strategies”- Окутуунун инновациялык стратегиялары” деген темада лекция окушту.
Бул жолугушуу студенттер учун кызыктуу, маанилүү жана пайдалуу болду. Лекция учурунда кызыктуу жана актуалдуу суроолор англисче берилип, жооптор жана маалыматтар алынды. Мындай конок лекциялар мындан ары да байма-бай уюштурулуп, ОшМУнун колледжи менен Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжи кызматташтыкты бекемдеп, мобилдүүлүк жана тажрыйба алмашуу маселелери жаатында эки тараптуу кызматташуу багытында сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Жыйынтыгында сертификаттар тапшырылып, келген конокторго ыраазычылык билдирилди.
Академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында колледждер арасында окмуштуулардын конок лекцияларын уюштуруу, жакшы саамалык болуп жатат. Жалал-Абад колледжинин чет тили адистигинин чет тили окутуучулары жана Атк-2-19, Атк-01-20, Атк-3-19 тайпаларынын студенттери, 21-апрелде конок лекция өткөрүштү. ОшМУнун колледжинен келген коноктор чет тили окутуучусу Рахимбаева Гульгена Абдуллаевна “Teaching forms of assessment” -Балоо каражаттарынын формалары деген темада, ал эми чет тили окутуучусу Абдуматова София Нуралиевна “Teaching an innovation strategies”- Окутуунун инновациялык стратегиялары” деген темада лекция окушту.