AVN







УЛУК ОКУТУУЧУ МИРГҮЛ ТӨРӨМАМАТОВАНЫН АЧЫК САБАГЫ

УЛУК ОКУТУУЧУ МИРГҮЛ ТӨРӨМАМАТОВАНЫН АЧЫК САБАГЫ
 Apr 25, 2022  359

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын улук окутуучусу Миргүл Төрөмаматова ЧТ-1-18 тайпасына кезектеги ачык сабагын өттү. Ачык сабак тексти анализдөө предмети боюнча болду. Сабакта студенттер өздөрү окуган Джейн Остендин "Pride and Prejudice"   чыгармасынан үзүндү аткарып беришти. Ошондой чыгарманын автору жана чыгарма жөнүндө талкуу кылып текстке анализ жүргүзүштү. Студенттер топторго бөлүнүп иштешип, чыгармадагы каармандарга мүнөздөмө   беришти жана стилистикалык каражаттарды таап анализ жасашты. Бул сабактын өзгөчөлүгү окутуучу студенттерге өздөрүн эркин сезүүгө жана эркин ой бөлүшкөнгө шарт түзүп берүүсү болду.

 

  • УЛУК ОКУТУУЧУ МИРГҮЛ ТӨРӨМАМАТОВАНЫН АЧЫК САБАГЫ
  • УЛУК ОКУТУУЧУ МИРГҮЛ ТӨРӨМАМАТОВАНЫН АЧЫК САБАГЫ