AVN







КОМПЕТЕНТҮҮЛҮККӨ БАГЫТТАЛГАН БИЛИМ БЕРҮҮ ШАРТЫНДА МАТЕМАТИКА САБАГЫН УЮШТУРУУ

КОМПЕТЕНТҮҮЛҮККӨ БАГЫТТАЛГАН БИЛИМ БЕРҮҮ ШАРТЫНДА МАТЕМАТИКА САБАГЫН УЮШТУРУУ
 Apr 25, 2022  489

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин “Жогорку математика жана МОТ” кафедрасынын окутуучулары тарабынан 4-курстун студенттери үчүн кесиптик-профилдик практика өтөөнүн алдында семинар уюштурулду.

Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июнундагы №403-Токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жалпы мектептик билим берүү стандартынын” негизинде иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын жалпы мектептик билим берүүчү уюмдарындагы “Математика” боюнча предметтик стандарт менен студенттер таанышышты.

Семинардын жүрүшүндө компетенттүүлүк, негизги компетенттүүлүк, предметтик компетенттүүлүк, күтүлүүчү натыйжа, көрсөткүч түшүнүктөрүн талкуулашты, алардын маанисин, зарылдыгын түшүнүштү, сабакты пландоодо стандартты колдонуп негизги компоненттерди табууну үйрөнүштү.

Студенттер сабакты пландоодо, анын максатын коюу, милдетин аныктоо, сабакта калыптануучу НК, ПКлардын ордун, маанисин такташты, ырааттуулугун аташты.

Суроолор берилип, кызуу талкуу болду, студенттер практиканын жүрүшүндө сабактарды пландаштырууга методикалык жардам алышкандыгын билдиришти.