ФИЛОЛОГИЯ ФАКУЛЬТЕТИНИН КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ АДИСТИГИНДЕГИ СТУДЕНТТЕР - КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАДА
Apr 25, 2022 493
Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын КТ-1 -19 тайпасынын студенттери 2022-жылдын 4-апрелиден 7-майга чейин кесиптик-профилдик практикасын өтүү максатында Жалал-Абад шаарынын базалык мектептерине бөлүнгөн.
“23-апрель – Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө” карата КТ-1-19 тайпасынын студенти Топчубай кызы Айперинин № 6 жалпы билим берүүчү орто мектебинин 5-классында өткөн “Китеп дүйнөсүнүн кулпу жок” аттуу көргөзмөлүү тарбиялык саатына катыштык. Айпери мектептен бөлүнгөн кыргыз тили жана адабияты боюнча предметтик мугалими, 5-класстын класс жетекчиси Жээналиева Махабаттын кеңеши, жардамы менен көргөзмөлүү тарбиялык саат өттү. Тарбиялык саатта китептин биринчи кайсы өлкөдө пайда болгондугу, китептин пайдасы, азыркы учурдагы мааниси тууралуу слайддан да көрсөтүлдү. Мындан тышкары окуучулар эки тайпага бөлүнүп, сабак кызыктуу оюндар, бий, көркөм окуулар менен коштолду. Тарбиялык саатты өткөрүү үчүн абдан изденип, көп эмгектенгендиги жана анын акыбети кайтып, окуучулар активдүү катышып, берилген суроолорго жооп берип, берилген тапшырмаларды так аткарышты.
КТ-1-19 тайпасынын студенти Топчубай кызы Айперинин 5-клааста өткөн тарбиялык сабагы мазмундуулугу, кызыктуулугу жана жеткиликтүүлүгү жагынан катышкан усулчулар, мугалимдер, практиканттар тарабынан “эн жакшы” деп бааланды, айрым сын-сунуштар да айтылды,- деп билдирди усулчусу А.Шерипбаев.