AVN







ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ МАМЛЕКЕТТИК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТТҮ

ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ МАМЛЕКЕТТИК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТТҮ
 Apr 23, 2022  608

ЖАКта мектепке чейинки билим берүү жана социалдык иш ПЦКсында СРк-2-19 тайпасынын  студенттеринин мамлекеттик практикасын жыйынтыктоочу конференция болуп өттү.  Конференцияга ЖАМУнун  өндүрүштүк практика жана карьера бөлүмүнүн инспектору Жыпаргүл Паязова, ЖАКтын өндүрүштүк практика боюнча директордун орун басары Үлпөт Кайкыева, МЧББ жана СИ ПЦКсынын окутуучусу Анарбай кызы Айтбү катышышты. Конференциянын жүрүшүндө СРк-2-19 тайпасынын студенттери практика учурунда жазган отчетторун талаптагыдай жазып тапшырып, аткарган иштерин айтып, өздөрүнүн ой-пикир сунуштары менен келди. Ал сунуштар практика учурунда мекемеге кайрылган майыптыгы бар жарандарга биринчи жардамды көрсөтүү максатында адистикте медициналык окууларды киргизүү керек деген сунуштарын беришти.  СРк-2-19 тайпасында жалпы 13 студент практика өтөө үчүн барып, алардын ичинен Жалал-Абад шаардык Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынан 3 студент,  Сузак райондук Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынан 3 студент, Ноокен райондук Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынан 1 студент   практика өтөө мекемесинде жумушка калуу сунушу менен келе алышты.