AVN







ИНКЛЮЗИВДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮ АЗЫРКЫ МЕЗГИЛ ТАЛАБЫ

ИНКЛЮЗИВДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮ АЗЫРКЫ МЕЗГИЛ ТАЛАБЫ
 Apr 23, 2022  622

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун 100 жылдыгына карата “100 жылдыкка 100 иш-чара” долбоорунун алкагында ЖАКтын “МЧББ жана социалдык иш”  ПЦКсынын  окутуучулары тарабынан “Инклюзивдүү билим берүү азыркы мезгил талабы” аталышындагы тегерек стол  өткөрүлдү.

     Тегерек столго СРк-2-20, МЧББк-2-20 тайпаларынын студенттери, ЖАМУнун практика жана карьера бөлүмүнүн башчысы Нурия Султановна, ЖАКтын директору,  п.и.к, доцент Бариса Турдубаева, ОшМУнун ИПКнын гуманитардык-педагогикалык бөлүмүнүн башчысы т.и.к., доцент Гүлназ Анарбаева, ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинин социалдык иштер жана коомдук дисциплиналар циклынын башчысы, с.и.к Гүлүмкан Тумөнбаева, ОшМУнун ИПКнын социалдык иштер жана коомдук дисциплиналар циклынын окутуучулары жана Сузак райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Айнура Асанова,  Жалал-Абад шаарындагы ден-соолугу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын “Данакер” коомдук бирикмесинин төрайымы Айжамал Тарыкчиева катышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө  Айнагүль Ташматова,  Айтбү Анарбай кызы “Инклюзивдүү билим берүү ар бир бала үчүн мүмкүнчүлүк” деген теманын  үстүндө доклад даярдап баяндап беришти. Ал эми  Мейлик Кыбыраева,   Айсулуу Кыргызбаева Инклюзивдүү билим берүүнү жайылтуу боюнча иш чаралар”деген теманын алкагында кандай иш-чараларды жүргүзүп жаткандыктары боюнча баяндап айтып беришти.

 Келген коноктор “Өлкөдөгү өзгөчө муктаждыгы бар балдардын билим алуусундагы кыйынчылыктар жана тоскоолдуктар” боюнча талкуулашып, инклюзивдүү билим берүүнү жайылтуу боюнча өздөрүнүн сунуш-пикирлерин билдиришти. Тегерек столдун аягында келген конокторго ЖАКтын ырыызычылык каты ыйгарылды.

 

  • ИНКЛЮЗИВДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮ АЗЫРКЫ МЕЗГИЛ ТАЛАБЫ