AVN







ТУРИЗМ БОЮНЧА СЕМИНАР БОЛДУ

ТУРИЗМ БОЮНЧА СЕМИНАР БОЛДУ
 Mar 2, 2018  858

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде туризм экономикасы багыты боюнча  Жалал-Абад областындагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү үчүн 27-28-февраль күндөрү семинар-тренинг болуп өттү. Маалыматты ЖАМУнун Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Гулнура Маткалыкова билдирди.

   Гулнура Маткалыкованын айтымында  Европа комиссиясынын Эразмус+ программасынын "ROAD- жергиликтүү  административдик башкаруунун милдеттери" долбоорунун алкагында Америка ордосунда семинар-тренинг болуп өттү. Анда ЖАМУнун биология илимдеринин доктору  Зульфия Сакбаева, биология илимдеринин кандидаты Алтынай Эгембердиева жана экономика факультетинин ага окутуучусу Панарбек Абдыкадыровдор катышуучуларга маалымат беришкен. Ал эми аты аталган мугалимдер  аталган программанын негизинде Испанияга барып, туризм экономикасы боюнча Эл аралык семинарларга катышып  келишкен – деп билдирди Маткалыкова.  

   Эскерте кетсек семинар-тренингге облустун аймактарынан  мамлекеттик кызматта туризм боюнча иш алып барган 25 адис катышышты

  • ТУРИЗМ БОЮНЧА СЕМИНАР БОЛДУ
  • ТУРИЗМ БОЮНЧА СЕМИНАР БОЛДУ
  • ТУРИЗМ БОЮНЧА СЕМИНАР БОЛДУ
  • ТУРИЗМ БОЮНЧА СЕМИНАР БОЛДУ
  • ТУРИЗМ БОЮНЧА СЕМИНАР БОЛДУ
  • ТУРИЗМ БОЮНЧА СЕМИНАР БОЛДУ