AVN







ИНТЕГРАЦИЯЛАП ОКУТУУГА АРНАЛГАН ИЛИМИЙ-МЕТОДИКАЛЫК СЕМИНАР

ИНТЕГРАЦИЯЛАП ОКУТУУГА АРНАЛГАН ИЛИМИЙ-МЕТОДИКАЛЫК СЕМИНАР
 Apr 23, 2022  573

2022-жылдын 19-апрелинде Казак, Кыргыз, Белоруссия, Россия мамлекеттеринин жогорку окуу жайларында менен биргеликте уюштурулган   «Научно-практические аспекты психолого-педагогических основ  интегрированного обучениядеген аталыштагы илимий-методикалык семинарга башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин доктору, профессор С.С.Сакиева катышып, анда “Башталгыч мектепте окуу көндүмдөрүн калыптандырууга карата жаныча көз караштар” деген темада билдирүү жасады. Докладда кенже мектеп жашындагы балдардын окуу көндүмүн калыптандыруудагы жаныча көз караштар, аларды ишке ашыруудагы актуалдуу маселелер, көйгөйлөр жөнүндө жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат берди.   Докладчылар билим берүү системасындагы интеграциялынган окутуунун мектепке чейинки билим берүүдөгү жетишкендиктери, аларды изилдөөдөгү көйгөйлөр суроо-жооптор менен жогорку денгээлде уюштурулду. Университеттин ректораты, илимий иштер боюнча проректору, жалпы педагогика жана психология кафедрасынын жетекчилери тарабынан катышуучуларга ийгилик, ыраазычылык билдиришип, мындай иш-чараларды уюштурууну жандандыруу сунуштары айтылды.

  • ИНТЕГРАЦИЯЛАП ОКУТУУГА АРНАЛГАН ИЛИМИЙ-МЕТОДИКАЛЫК СЕМИНАР
  • ИНТЕГРАЦИЯЛАП ОКУТУУГА АРНАЛГАН ИЛИМИЙ-МЕТОДИКАЛЫК СЕМИНАР