AVN







МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖДЕ «II-АНАЛИТИКАЛЫК ТОПТУН КАТИОНДОРУ» АТАЛЫШЫНДАГЫ АЧЫК САБАК

МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖДЕ «II-АНАЛИТИКАЛЫК ТОПТУН КАТИОНДОРУ» АТАЛЫШЫНДАГЫ АЧЫК САБАК
 Apr 20, 2022  690

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекетти университетинин медициналык колледжинин Фарм-2-21 тайпасынын студенттерне аналитикалык химия предметинен «II-аналитикалык топтун катиондору» деген темада ачык сабак өтүлдү. Бул тууралуу окутуучу Л.К.Бакалаева билдирди. Анын айтымында сабак жаңы окутуунун технологиясына ылайык ар түрдүү ыкмаларды колдонуу менен өтүлгөн. Методикалык, технологиялык ресурстар менен жабдылып, студенттер жекече, топто жана жупка бөлүнүп, берилген тапшырмага ылайык слайд жана презентацияларды жасашкан. Ал эми, эксперименталдык бөлүгүндө  ар бир студент II топтун аниондоруна сапаттык анализ жүргүзүшкөн. Жаңы теманы өздөштүрүүдө мугалим студенттер менен кайтарым байланышта болуп, тажрыйба аткарууда ар бир студенттин ишмердүүлүгү көзөмөлгө алынган. Сабак “Kahoot” программасы менен түзүлгөн тесттик тапшырмалар менен жыйынтыкталып ар бир студент билим деңгээлине жараша бааланган.

 

  • МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖДЕ «II-АНАЛИТИКАЛЫК ТОПТУН КАТИОНДОРУ» АТАЛЫШЫНДАГЫ АЧЫК САБАК