AVN

УКРАИН-БЕЛЬГИЯЛЫК ШАХМАТЧЫ, ГРОССМЕЙСТЕР ВАДИМ МАЛАХАТЬКО ЖАМУДА

 Apr 20, 2022  568

Жалал-Абад областтык шахмат федерациясы Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети менен биргеликте шахматта бир оюнчу, бир учурда бир канча оюнчу менен ойной турчуу сеансын өткөрдү. Оюнга украин-бельгиялык шахматчы, гроссмейстер Вадим Малахатько чакырылган. Жалал-Абад областтык шахмат федерациясынын вице президенти Айбек Макаилов, - «Белгилүү шахматчы гроссмейстер Вадим Малахатькону Жалал-Абадка чакыруубуздун башкы максаты шахмат сүйүүчүлөргө гроссмейстердин тактикасын үйрөтүү жана шахмат оюнун өркүндөтүү болуп саналат. Бүгүнкү оюнга катышкандар үчүн бул жакшы мүмкүнчүлүк. Мындай мүмкүнчүлүктү түзүүдө бизге жакындан жардам көрсөткөн Жалал-Абад мамлекеттик университетине федерациянын атынан ыраазычылык айтабыз»-деди.

Ал эми ЖАМУнун ректору, тех.и.д.профессор Кеңешбек Усенов, шахмат аристократтардын оюну болгондугун, оюнда логикасы күчтүүлөр алдыга озуп чыгарын айтып, оюнга катышкан баардык шахматчыларга ийгилик каалады.

Эске салсак, оюн ЖАМУнун Р. Абдыкадыров атындагы чоң жыйындар залында өтүп, ага 40тан ашуун түрдүү курактагы шахмат сүйүүчүлөр катышкан.

  • УКРАИН-БЕЛЬГИЯЛЫК ШАХМАТЧЫ, ГРОССМЕЙСТЕР ВАДИМ МАЛАХАТЬКО ЖАМУДА