AVN







НЕГИЗГИ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫ БОЮНЧА ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН БААРЛАШУУ БОЛДУ

НЕГИЗГИ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫ БОЮНЧА ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН  БААРЛАШУУ БОЛДУ
 Apr 16, 2022  376

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин  медициналык колледжинин  дарылоо жана акушердик иш бөлүмүндө  иш берүүчүлөр менен бүтүрүүчү курстарга «Учурда билим берүү системасындагы 060102 акушердик иш, 060101 дарылоо иш адистиктерин  даярдоо» деген темада иш берүүчүлөр менен тегерек стол уюштурулду. Мында колледждин директору А.Эгембердиева азыркы мезгил талабы  болгон кадр даярдоогу көйгөйлөр, сапаттуу кесипкөй адистерди даярдоого токтолду. Бөлүм башчы А.Ормогоева негизги кесиптик билим берүү программаларынын багыттары боюнча жалпы мүнөздөмөсү (миссиясы, окутуунун максаты жана жыйынтыктары, берилген квалификациясы)  боюнча маалымат берди.  Иш берүүчүлөрдөн Зухра Ахмадова - Сузак аймактык ооруканасынын  төрөт бөлүмүнүн башкы медайымы, Аманбаева  Кундуз Хамидуллаевна - Жалал-Абад областтык төрөт бөлүмүнүн башкы медайымы, Амираев Эмилбек Исакович - Жалал-Абад ИИБнын госпиталынын  башкы дарыгери, Эргешова Гулчехра Абдималиковна - Жалал-Абад областтык ыкчам тез жардам көрсөтүү  бөлүмүнүн башкы медайымы катышып студенттердин суроолоруна жооп беришти. Кесипкөй заман талабына ылайык кадрладрды даярдоо боюнча өз ой-пикирлерин сунушташты.  

 

  • НЕГИЗГИ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫ БОЮНЧА ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН  БААРЛАШУУ БОЛДУ