AVN







ЖЕЛБИРЕСИН ЭГЕМЕНДИН ЖЕЛЕГИ

ЖЕЛБИРЕСИН ЭГЕМЕНДИН ЖЕЛЕГИ
 Mar 1, 2018  1067

ЖАМУнун Табигый-техникалык факультетинин Химия кафедрасынын окутуучулары жана студенттери 3-март Туу күнүнө карата жана 5-март Ак калпак күнүнө карата 1-март күнү жыйын өткөрүштү.

         Жыйынды ачып берүү үчүн кафедра башчысынын орун басары ага окутуучу       Н. Жолдошалиева окутуучуларды , студенттерди бүгүнкү кирип келген жаз майрамы менен куттуктады. Жаз айларынын башталышы биздин мамлекет үчүн майрамдардын башталышы десек болот. 3-март баарыбызга белгилүү Туунун кабыл алынган күнү, ал эми 5-март кыргыз эли кадырлап барктап башынан түшүрбөй кийип келген баш кийими Ак калпак күнү. Мамлекеттин символу болгон Тууну дайыма ардактап, сыйлап жана Ак калпагыңарды кадырлап башыыздардан  түшүрбөй кийип жүрүүгө сиздерди чакырам.  Катышуучуларды ушул кирип келген  майрамыңар менен куттуктап, катышуучуларды патриоттуулукка жана гумандуулукка чакырды өттү.    

Андан кийин Химия адистигинин 4-курсунун студенти  Акпаралиева Орозбү  “Кыргыз туусу” аталышында баяндама окуду. Анда Манас атабыздын туусунан баштап, азыркы күнгө чейин асабаларбыздын тарыхы жана маани-маңызы  камтылган.  Ошондой эле аталган адистиктин  3-курсунун студенти Мырзакул кызы Мадина  “Асмандан жарык  көрсөң жылдыз деп бил, Ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил” – деген ураан менен баяндама жасады. Жыйын учурунда баяндамачыларга  суроолор берилип, талкуу жүрдү. Талкууда  студенттер кыргыздын кенчи болгон макал-лакаптар айтышып, ак калпак тууралуу көркөм ырлар окушду.

   Ал эми Химия адистигинде жалпы 50дөн ашуун студент билим алууда.