AVN







ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ АЧЫК САБАКТАР ЖУМАЛЫГЫ ӨТҮП ЖАТАТ

ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ АЧЫК САБАКТАР ЖУМАЛЫГЫ ӨТҮП ЖАТАТ
 Apr 16, 2022  565

Жалал-Абад колледжинде ачык сабактар жумалыгы өтүп жатат. Колледждин жалпы билим берүү бөлүмүнүн окутуучусу Чынара Карабекова тарабынан биология, химия, экология предметтеринен бир жума бою «Ачык саатар» жумалыгын өттү. Жумалык 4-апрелден 9-апрелге чейин ветеринария, электр менен камсыздоо, укук таануу, чет тили, башталгыч класстардын мугалими адистиктеринде ачык сабактар өтүлдү. Ачык сааттар жумалыгынын максаты-студенттерге адистигине карата маалымат берүү менен окутуунун инновациялык методдорун жайылтуу. Сабактын жүрүшүндө студенттер топ-топко бөлүнүп, өтүлгө сабактарда өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүштү. Сабактар технологиялык жабдуулар, эксперимент жасоо үчүн ылайыктуу шаймандар менен камсыздалды. Сабактын жүрүшүнө студенттерден башка жаш окутуучулар жана ЖАКтын методикалык иштер боюнча инспектору А.А.Сопукулова, бөлүм башчы Г.Бабакулова, ПЦК башчы А.Жалилова жана башка окутуучулар да катышышып, өз бааларын беришти. Жыйынтыгында жумалыктын уюштуруучусу жана демилгечиси Чынара Карабекова ыразычылык билдирилип, окутуучунун тажрыйбасын колледжге жайылтуу сунушталды.

 

  • ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ АЧЫК САБАКТАР ЖУМАЛЫГЫ ӨТҮП ЖАТАТ
  • ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ АЧЫК САБАКТАР ЖУМАЛЫГЫ ӨТҮП ЖАТАТ