AVN







ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ АЧЫК САБАКТАР ЖҮРҮП ЖАТАТ

ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ АЧЫК САБАКТАР ЖҮРҮП ЖАТАТ
 Apr 16, 2022  490

Ачык сабак - мугалимдин педагогикалык тажрыйбасын, окутуучулук чеберчилигин баалоонун формасы. Ачык сабакта педагогикалык теория менен практиканын биримдиги, окутуунун жаңы технологияларын: алдыңкы методдорду, окутуунун салтка айланбаган формаларын кеңири колдонуу ишке ашырылат.

        Жалал-Абад колледжинде 2021-2022-окуу жылдын 2-жарым жылдыгында окутуучулардын ачык сабактары жүрүп жатат. Ар бир бөлүмдүн окутуучулары түзүлгөн график боюнча сабактарды өтүшүп, окутуунун жана окуп үйрөнүүнүн жаңы стратегиялары, баалоонун түрлөрү, кайтарым байланыштын акыркы ыкмалары жана алар педагогикада туш болгон диллемалар менен өз ара тажрыйба алмашып жатышат.

Бекитилген график боюнча окуу жылдын март айында «Табигый –техникалык» бөлүмдүн окутуучулары ачык сабактарда заманбап сабак өтүүнүн ыкмалары менен тажрыйба алмашса, апрель айында «Жалпы билим берүүчү» бөлүмү кесиптик чеберчиликтери менен  активдуу ачык сабактарды өтүп башташты.

  • ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ АЧЫК САБАКТАР ЖҮРҮП ЖАТАТ
  • ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ АЧЫК САБАКТАР ЖҮРҮП ЖАТАТ