AVN







АЧЫК САБАКТАРДЫ УЮШТУРУУ-БИЛИМДИН АЧКЫЧЫ

АЧЫК САБАКТАРДЫ УЮШТУРУУ-БИЛИМДИН АЧКЫЧЫ
 Apr 16, 2022  630

Экономика, эсеп жана кафедрасынын окутуучулары тарабынан ачык сабактар уюштурулуп, окутуучунун педагогикалык чыгармачылыгына баа берилип, аларды өркүндөтүүнүн жолдору, инновациялык технологияларды колдонуу, окутуучу менен студенттердин ортосундагы байланыш, лекциянын сапатына баа берүү практикаланып келе жатат.

 Бекитилген жадыбалдын негизинде ачык сабактын кезеги окутуучу Жамашева Гулбара Султанбековна тарабынан уюштурулду. ФКк-1-18 тайпасы үчүн “Ишканалардын каржысы” дисциплинасы боюнча лекция окуду. Лектор студенттер үчүн учурдагы ишканалардын капиталы, формасы, мааниси боюнча кеңири маалымат берди. Лекцияда интерактивдүү доска пайдаланып, тема боюнча слайд сунушталып, суроо-жооптор талкууланып, лекциянын жүрүшу студенттер үчүн кызыктуу болду. Ачык саатка кафедранын окутуучулары катышып, өз ойлорун, сунуштарын ортого салышты. Ачык сабакка кафедра башчысы э.и.к., доцент Э.Н.Төлөнов, окутуучулар Н.К.Мусакулов, Ч.С.Орозовалар катышып, лекторго ийгилик каалашты.

  • АЧЫК САБАКТАРДЫ УЮШТУРУУ-БИЛИМДИН АЧКЫЧЫ