AVN







БҮГҮНКҮ МЫКТЫ СТУДЕНТ – ЭРТЕНКИ МЫКТЫ АДИС

БҮГҮНКҮ МЫКТЫ СТУДЕНТ – ЭРТЕНКИ МЫКТЫ АДИС
 Apr 16, 2022  504

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун медициналык колледжинин 060109 медайымдык иш адистигин бүтүрүп жаткан студенттер менен «Бүгүнкү мыкты студент – эртенки мыкты адис» - деген темада иш берүүчүлөр жана 2014-2019- окуу жылы аралыгында билим алып кеткен бүтүрүүчүлөр менен тегерек стол болуп өттү.

Жолугушууга Жалал – Абад медициналык борборунан Сапаргул Мурзакматова, Евродиализден Бакыт Нарбаев, Сузак аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн улуу медайымы Назгул Рахманова жана бүтүрүүчүлөр катышышты. Медициналык колледждин директору А.Д. Эгембердиева өз сөзүндө негизги кесиптик билим берүү программасынын (ОПОП) талаптарын аткаруу менен Медайымдык иш адистигинде окуган студенттерге терен билим берүү экендигин айтып кетти. Иш берүүчүлөр негизги кесиптик билим берүү программасы туура түзүлгөндүгүн, эгер студенттер ушул программанын негизинде билим алышса, кесипти сүйгөн адистер даярдалаарын белгилөө менен,учурдун талабына ылайык компьютердик билимди да бирге алууну сунушташты. Тегерек стол студенттер менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы суроо-жооп менен уланды. Алдыдагы квалификация алдындагы практиканы өтөөдөгү суроо талаптарды, иш берүүчү, Сузак аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн улуу медайымы Назгул Рахманова түшүндүрүп берди. Фармация жана медайымдык иш бөлүмүнүн бөлүм башчысы С.М.Термечикова жыйынтыктоо сөзүндө,келген конокторго ыраазычылык билдирүү  менен     негизги кесиптик билим берүү программасынын (ОПОП) талаптарын аткарууда иш берүүчүлөрдүн сунуштарын эске алып, кесиптик иш-аракеттерди маалыматтык камсыздоо, медициналык жардам жана техникалык камсыздоо предметтери окуу планына кошулганын билдирди. Иш берүүчү-бүтүрүүчү-келечектеги адис жолугушуусу дайыма оң натыйжа берээрин белгиледи.Иш берүүчүлөргө ыраазычылык каттар тапшырылды.

  • БҮГҮНКҮ МЫКТЫ СТУДЕНТ – ЭРТЕНКИ МЫКТЫ АДИС
  • БҮГҮНКҮ МЫКТЫ СТУДЕНТ – ЭРТЕНКИ МЫКТЫ АДИС
  • БҮГҮНКҮ МЫКТЫ СТУДЕНТ – ЭРТЕНКИ МЫКТЫ АДИС