AVN







ТОГУЗ КОРГООЛ БОЮНЧА БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДАР БИЗДЕ

ТОГУЗ КОРГООЛ БОЮНЧА БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДАР БИЗДЕ
 Apr 16, 2022  561

Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар арасында өткөн республикалык «Универсиада-2022» мелдешинде 1-лигада ЖАМУнун кыздары спорттун тогуз коргоол оюну боюнча байгелүү орундарды багындырды. Бул тууралуу окуу жайдын тогуз коргоол боюнча машыктыруучусу Жумабек Ажыкылов билдирди.

Маалыматка караганда ЖАМУнун курама командасынан кыздар ортосундагы командалык оюнда Айжан Эрмекбай кызы (М-1-20), Таншоола Ахмедова (КТ 1-20), Ширинай Кадырмаматова (ЧТ 1-20), Айдай Медетбек кызы (М 1-21)  3-орунду багындырса, жекме-жек оюнунда Айжан Эрмекбай кызы 1-орунду багындырган. Ал эми, балдар ортосундагы жекелик мелдеште Адилет Жуманазаов (Юк-1-18) тайпасынын студенти 2-орунду ээлеген.  Жеңүүчүлөргө «Жаштык» дирекциясы тарабынан диплом, медаль, 10 000 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык жана сертификат тапшырылган.  

 

 

  • ТОГУЗ КОРГООЛ БОЮНЧА БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДАР БИЗДЕ