AVN







МЕКТЕПТЕРДЕГИ ПРАКТИКАНЫ ЖЫЙЫНТЫКТОО

МЕКТЕПТЕРДЕГИ  ПРАКТИКАНЫ  ЖЫЙЫНТЫКТОО
 Apr 8, 2022  469

Педагогикалык кадрларды даярдоо мектептеги уюштурулган практикалар башкы ролду ойнойт. Башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын окутуучулары мектептердеги жүрүп жаткан адистик базалык практикаларды жыйынтыктоо иретинде ачык сабактарды уюштурууда. Кафедра башчысы, профессор С.С.Сакиева, доцент К.М.Ураимов, улук окутуучу А.Э.Төрөбекова, окутуучулар А.К.Шишкараева, Д.А.Аданова, Н.Ш.Мокуева, Райимкул кызы Айжамал Жалал-Абад шаарындагы жана облусунда практика өтөп жаткан студенттер менен биргеликте ачык сабак уюштуруунун графигин кафедрадагы практика жетекчиси Н.Мокуева менен биргеликте иш алып барышты. Буга чейин практиканттар менен AVN, телеграмм, вотсап аркылуу байланышып, мектептеги айрым сабактарына катышып, кенештер берилген. Ал эми каникул мезгилиндеги күндөргө карата атайын тегерек стол уюштурулуп, учурдагы мугалимдин документациясы жөнүндө маалымат берилген. Интернет системасында студент-практиканттардын суроолоруна жооптор жазуу аркылуу  кайтарым байланыш уюштурулуп турду. Практиканын жүрүшүндө студенттер менен тегерек стол, талкуу, суроо-жооптор аркылуу кайтарым байланыш жүрдү. Айрыкча шаардагы №1, №2, №4, №9, №17,№21 жалпы билим берүүчү орто мектептеринде, мектеп-гимназияларында практиканттар жакшы өтөштү.

  • МЕКТЕПТЕРДЕГИ  ПРАКТИКАНЫ  ЖЫЙЫНТЫКТОО
  • МЕКТЕПТЕРДЕГИ  ПРАКТИКАНЫ  ЖЫЙЫНТЫКТОО
  • МЕКТЕПТЕРДЕГИ  ПРАКТИКАНЫ  ЖЫЙЫНТЫКТОО