AVN







АЧЫК САБАКТАРДЫ УЮШТУРУУНУ ПРАКТИКАЛОО

АЧЫК САБАКТАРДЫ УЮШТУРУУНУ ПРАКТИКАЛОО
 Apr 8, 2022  503

Башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын окутуучулары тарабынан ачык сабактар уюштурулуп, окутуучунун педагогикалык чыгармачылыгына баа берилип, аларды өркүндөтүүнүн жолдору, инновациялык ишмердүүлүгүнө баа берүү практикаланып келе жатат Ачык сабактын кезеги  окутуучу  Шишкараева Ажар Козубаевна тарабынан уюштурулду. П-1-19 группасы үчүн “Тарбиялык иштерди уюштуруунун теориясы жана методикасы” дисциплинасы боюнча  лекция окуду. Лектор студенттер үчүн  учурдагы билим берүү системасында тарбиялык иштерди уюштуруунун формалары жана методдору боюнча маалымат берди. Лекцияда интерактивдүү доска пайдаланып, тарбиялык иштерди уюштурууга карата слайд сунушталып, суроо-жооптор талкууланып, лекциянын жүрүшу студенттер  үчүн кызыктуу болду.  Ачык саатка кафедранын окутуучулары катышып,  өз ойлорун, сунуштарын ортого салышты. Ачык сабакка    кафедра башчысы п.и.д., профессор С.С.Сакиева, факультеттин  методикалык  кеңешинин төрагасы п.и.к., доцент К.М.Ураимов, кафедрада методикалык иштер боюнча жооптуу, улук окутуучу А.Э. Төрөбекова, ассистент окутуучу Раимкул кызы Айжамал катыштып, лекторго ийгилик каалашты.

  • АЧЫК САБАКТАРДЫ УЮШТУРУУНУ ПРАКТИКАЛОО