AVN







ЖАМУда иштегениме жана окуганыма сыймыктанам!

ЖАМУда иштегениме жана окуганыма сыймыктанам!
 Apr 8, 2022  485

2022-жылдын 2-апрелинде Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин түптөлгөндүнө 99 жыл, ал эми түзүлгөнүнө 29 жыл толгонуна байланыштуу электроэнергетика жана механика кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы, ЖАЖЧЭТ ишканасынын кызматкерлери, студенттер жана табигый-техникалык факультетинин деканы Ж.Б.Шамиев менен биргеликте Датка 500/220/35кВ көмөкчү чордонунун базасында “Жалал-Абад мамлекеттик университетинде иштегениме жана  окуганыма сыймыктанам!” аттуу илимий-практикалык семинар болуп өттү.

Программага ылайык  Электроэнергетика жана механика кафедрасынын башчысы т.и.к., доцент К.А.Кокумбаева “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети билим, илим жолунда - 99жыл” деген темада баяндама жасады. Ал өз баяндамасында 1923-жылдан бери Жалал-абад областындагы сабатсыздыкты жоюу максатында ачылган биринчи мектептер, ЖАМУнун ачылышы жана түптөлүшүнө салым кошкон кыскы мөөнөттүү окуу жайдын тарыхын жана алардын бүтүрүүчүлөрү атактуу инсандар болгондугу жөнүндө кеңири маалымат берди. Өндүрүштө иштеген коллегалар үчүн бул маалымат өтө кызыктуу болду. Ошону менен бирге эле ЖАМУнун электроэнергетика тармагынын бүтүрүүчүлөрү өндүрүштүн (Жалал-Абад жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасы, Жалалабадэлектро ААКнун) басымдуу бөлүгүн ээлеп, алардын ичинен башкаруучу кызматтарда иштеп жаткан бүтүрүүчүлөрүбүз да аз эмес экендиги, мактанаарлык көрүнүш! Демек ЖАМУда даярдалган адистердин сапатын иш берүүчүлөрдүн колдоосу менен жакшы деп белгилесек болот деп баяндамасын жыйынтыктады.

 Андан соң т.и.д., профессор А.Аширалиев “Электр чордондорунун түрлөрүнүн катнашы”деген темада баяндама жасады. Ал дүйнө жүзүндөгү электр энергиянын өндүрүлүшүнүн түрлөрү жана Кыргызстанда өндүрүлгөн  электр энергиянын түрлөрү жөнүндө салыштыруу жүргүзүп ошол эле кезекте электр энергияны өндүрүүдө жылуулук электр борбору (ЖЭБ), суу электр чордондорунун (ГЭС) жана азыркы учурдун талабына ылайык калкып туруучу күн электр станциядары башка түрлөрүнүн артыкчылыктары, кемчиликтери жөнүндө кеңири айтып өттү. Баяндама кызыктуу болуп, ар кандай суроо жооптор менен коштолду.

Жалал-Абад жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасындагы  Датка 500/220/35кВ көмөкчү чордонунун  кызматкерлерине да сөз берилди. Алар  студенттерге ишканын тарыхы жөнүндө кеңири токтолуп, студенттер тарабынан кызыккан суроолорго жооп беришти. Андан соң коопсуздук эрежелери менен тааныштырылып адаттагыдай эле экскурсия уюштурулуп берилди.  Студенттерди заманбап үлгүдөгү электр орнотмолору менен тааншытыргандыгы алардын мындан ары да окууга болгон кызыгууларын арттырды десек болот.   

 

  • ЖАМУда иштегениме жана окуганыма сыймыктанам!
  • ЖАМУда иштегениме жана окуганыма сыймыктанам!
  • ЖАМУда иштегениме жана окуганыма сыймыктанам!
  • ЖАМУда иштегениме жана окуганыма сыймыктанам!
  • ЖАМУда иштегениме жана окуганыма сыймыктанам!