AVN







ЖАЛАЛ- АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ - УЛУТТУК КИЙИМДЕР КӨРГӨЗМӨСҮ БОЛУП ӨТТҮ

ЖАЛАЛ- АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ - УЛУТТУК КИЙИМДЕР КӨРГӨЗМӨСҮ БОЛУП ӨТТҮ
 Apr 8, 2022  669

Жалал-Абад колледжинин гуманитардык ПЦКсынын тарых окутуучулары Айдай Калчакеева жана Айымкан Артыкбаева тарыбынан "Улуттук кийимдер көргөзмөсү" өткөрүлдү. Педагогика жана социалдык иштер бөлүмүнүн башталгыч класстар  мугалими адистигинде окуган БКМк- 03-21,БКМб -2-20  тайпасынын  студенттери катышты. Кыргыз элинин улуттук кийимдерин студент кыздар кийип, кийимдердин тарыхын келген конокторго жана жалпы студенттерге баяндап айтып беришти. Кыргыздын улуттук кийими тарыхый узак мезгилдер бою көчмөн элибиздин өзгөчөлүктөрүнө байланышкан, турмуш-шартына калыптаган. Орто Азия жана башка элдер менен карым-катнаш таасир кылса да, кыргыз кийими туруктуу улуттук өзгөчөлүккө ээ болгон. Кыргыз кийими байыркы кийимдердин үлгүсүндө бычылып, атка минүүгө жана жерге отурууга ылайык узун жана кенен тигилген. Кыргыз айымдары башка улуттардан айырмаланып жаш курагына жараша кийимдери да өзгөчөлөнүп тигилген. Жаш курагына жараша кандай кийимдерди кийишкендиги тууралуу тарых барактарынан окуп жүргөн болсок да, көпчүлүгүбүз эле аны толук биле бербесек керек.  Айымдар тууралуу сөз кыла турган болсок, жашына карай, Секелек кыз (ойноок кыз), тестиер кыз (бой токтоткон кыз), беш көкүл (бойго жеткен кыз), жубан, келин (күйөөгө тийген) колукту, зайып, байбиче аял ж.б болуп бөлүнгөн. Секелек кыздардын-көйнөктөрү кенен, капталына кыйык салынып тигилип, жеңи колун жаап, этеги кызыл ашыкка жеткен. Бирок аялдардын көйнөгүнөн жакасы менен айырмаланып турган. Кыздардыкы ийинден ийинге чейин туурасынан бычылып, "туура жакалуу" көйнөк деп аталган. Кыздардын көйнөгүнүн эки ийинине боо байланып же топчу бүчүлөнгөн. Кыз баланын кийими көп учурда түрдүү шуру, күмүш, седеп топчулар жана ар кандай тумарлар менен кооздолгон. Топу же тебетейине үкүнүн канатын тагып коюшкан.

  • ЖАЛАЛ- АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ - УЛУТТУК КИЙИМДЕР КӨРГӨЗМӨСҮ БОЛУП ӨТТҮ