AVN







ФАРМАЦЕВТ-СТУДЕНТТЕР ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАГА КАТЫШЫШТЫ

ФАРМАЦЕВТ-СТУДЕНТТЕР ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАГА КАТЫШЫШТЫ
 Apr 6, 2022  591

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында фармацияны башкаруу жана экономика дисциплинасынан профессор Э.С.Матыевдин жаркын элесине арналган Эл аралык олимпиада болуп өттү. Олимпиадага Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун фармацевтикалык технология жана химия кафедрасынын 5-курсунун студенттеринен түзүлгөн «Modern Managers» командасы катышып, жыйынтыгында «Командалык дух»  номинациясы боюнча атайын диплом менен сыйланышты. Бул тууралуу кафедранын башчысы Н. Б. Арстанбекова билдирди.

Анын айтымында, олимпиадага бардыгы болуп 7 команда катышкан. Алар, Пермь (Россия) мамлекеттик фармацевтикалык академиясы, Ташкенттеги (Өзбекстан) фармацевтикалык институту,   С.Д. Асфендияров атындагы Түштүк-Казакстандыгы медициналык академия (Казакстан) М.Оспанов атындагы медициналык университети (Казакстан), Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык факультети (Кыргызстан), жана Кыргыз мамлекеттик медициналык Академиясы (Кыргызстан).

Эл аралык олимпиада диплом жана сертификат менен ийгиликтүү кайткан «Modern Managers» командасын ЖАМУнун медициналык факультетинин деканы, м.и.к., доцент Г.С.Ташиева кабыл алып, студенттердин Эл аралык деңгээлдеги олимпиадада өз билимдеринин тереңдигин татыктуу көрсөтө алгандыгын баса белгилеп, студенттерге жана алардын жетекчилерине ыраазчылыгын билдирген.

  

        

 

 

 

 

  • ФАРМАЦЕВТ-СТУДЕНТТЕР ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАГА КАТЫШЫШТЫ
  • ФАРМАЦЕВТ-СТУДЕНТТЕР ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАГА КАТЫШЫШТЫ
  • ФАРМАЦЕВТ-СТУДЕНТТЕР ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАГА КАТЫШЫШТЫ