AVN







ХИМИК-МАГИСТРАНТТАРДЫН АЧЫК САБАГЫ

ХИМИК-МАГИСТРАНТТАРДЫН АЧЫК САБАГЫ
 Apr 6, 2022  406

Химия магистрдик программасынын студенттерине б.и.к., доцент Алтынай Эгембердиева “Биологиянын социалдык проблемалары” дисциплинасынан  “Белоктордун биосинтези” темасында ачык практикалык сабак өткөрүлдү. Сабакка көз карандысыз “Билим-стандарт” аккредитациялык агенттигинин эксперти У. Мукамбетов катышты.

Практикалык сабакта полипептиддик чынжыр синтезинин деңгээлинде тукум куучулук маалыматты ишке ашыруунун молекулярдык жана цитологиялык негиздери жана бул процессте нуклеиндик кислоталар менен белоктордун ролу менен тааныштыруу, белок биосинтезинин биологиялык маанисин ачып көрсөтүү,тукум куучулук информацияны ишке ашырууга байланышкан маселелерди чечүүдө заманбап илимдин жетишкендиктерин карап чыгуу, дидактикалык материалдардын жардамы менен өтүлгөн теманы өздөштүрүүсүн көзөмөлдөө -  негизги максат катарында коюлду.

Практикалык сабактын жүрүшүндө доцент А.Эгембердиева магистранттардын жекече, чакан тайпаларда иштөө  жана презентациялоо сыяктуу окутуунун интерактивдүү ыкмаларын чеберчилик менен колдонуу аркылуу  сабактын жогорку илимий деңгээлде өтүшүн камсыз кыла алды деп билдирди химия магистрдик программасынын жетекчиси, фармацевтикалык технология жана химия кафедрасынын башчысы Н.Б.Арстанбекова.

  • ХИМИК-МАГИСТРАНТТАРДЫН АЧЫК САБАГЫ
  • ХИМИК-МАГИСТРАНТТАРДЫН АЧЫК САБАГЫ
  • ХИМИК-МАГИСТРАНТТАРДЫН АЧЫК САБАГЫ
  • ХИМИК-МАГИСТРАНТТАРДЫН АЧЫК САБАГЫ