ДИНИЙ ЭКСТРЕМИЗМГЕ, ТЕРРОРИЗМГЕ ЖАНА РАДИКАЛИЗМГЕ КАРШЫ АЛДЫН АЛУУ ЖАНА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
Apr 6, 2022 822
Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети, улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Жалал-Абад областындагы башкармалыгы менен биргеликте диний экстремизмге, терроризмге жана радикализмге каршы алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу ЖАМУнун МТСИ боюнча проректору Айгүл Доранова билдирди.
Иш-чарага Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын улук оперкызматкери, милициянын майору Дастан Турдукулов, Жалал-Абад шаарынын баш имам хатиби Ислам Амиршаев катышып, студенттерге диний экстремизм, терроризм жана радикализм жөнүндө кеңири түшүндүрмө берди. Анда студенттер тарабынан суроолор берилип жооптор алынды.