AVN







ЖАМУ-БИЛИМ БЕРҮҮНҮН БАШАТЫ

ЖАМУ-БИЛИМ БЕРҮҮНҮН БАШАТЫ
 Apr 2, 2022  612

Урматтуу кесиптештер!
Кылымга тете тарыхы бар окуу жайыбыз  баарыбыздын башыбызды бириктирип туруу менен илим-билим  мейкиндигинде канат керишибизге  объект болуп турган, жалпы мамлекетти жана бир канча чет өлкөнү кесипкөй кадрлар менен толуктап турган ЖАМУнун туулган күнү менен куттуктаймын! 
2022-жылдын 2-апрелинде Б. Осмонов  атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин түптөлгөндүгүнө 99 жыл, түзүлгөндүгүнө 29 жыл толду. Жалал-Абад областындагы илим-билимдин, интеллектуалдык маданияттын борбору болгон ЖАМУ кылымга тете агартуунун башаты болуп келгендигин бир топ тарыхый маалыматтар далилдеп келет. Ал ийгиликтерди жаратууда республикага эле эмес дүйнөгө таанымал инсандар билим алып, эмгектенишип келишкен.
Азыркы учурда окуп жатышкан студенттерибиз, иштеп жаткан эмгек жамаатыбыз ошол саамалыктарды улантышып, өнүгүүнүн жолунда албан ийгиликтерди жаратып келишүүдө. Андыктан ар бириңиздердин иштериңиздерге чоң ийгиликтерди, бакубат жашоону, бекем ден соолукту каалаймын!

Майрамыңыздар менен!

Сиздерди урматтоо менен, ЖАМУнун ректору, тех.и.д.профессор., Усенов Кеңешбек Жумабекович.