AVN







ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ИЙГИЛИКТҮҮ ИШ АЛЫП БАРУУ ЖОЛУ ТАЛКУУЛАНДЫ

ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ИЙГИЛИКТҮҮ ИШ АЛЫП БАРУУ ЖОЛУ ТАЛКУУЛАНДЫ
 Mar 31, 2022  484

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун медициналык колледжинин фармация адистиги тарабынан “Иш берүүчү жана бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу; сунуштар, жыйынтыктар, ыраазычылыктар” деген темада окутуучулар жана студенттер катышкан жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга “Адилет-Фарм” фармацевттер ассоциациясынын презденти Т.М. Батыров, Жалал-Абад дагы ”Неман-Фарм” фирмасынын директору Э.К. Сейдалиев, “Сонун-Фарм” фирмасынын директору Н.А.Куралова, “Высшая медицина” фирмасынын директору Б.А.Аширов, “Лекарь” фирмасынын директору А.Каныбеков,   “Эл-нуру” фирмасынын директору Д.А.Абдукахаров, “Фарм сервис” М.Уркунбаев жана 2012-2020 жыл аралыгында окуп кеткен бүтүрүүчүлөр катышты. Жолугушууну медициналык колледжинин директору, б.и.к.доцент А.Д. Эгембердиева ачып, ал өз сөзүндө ЖББПнын (ОПОП) талаптарын аткаруу менен фармация адистерине терең билим берүү экендигин белгиледи. Фармация адистери үчүн заман талабына ылайык иштелип чыккан  ЖББПны (ОПОП) талкуулашты жана өз ой-пикирлерин сунуш кылышты.

 “Адилет-Фарм” фармацевттер ассоциациясынын презденти Т.М. Батыров мурунку жолугуушуда сунушталган ой-пикирдин ишке ашкандыгын төмөнкүчө белгиледи. Адистердин компьютердик иштерди жүргүзүүдө билиминин терең болушу үчүн “Кесиптик иш-аракеттерди маалыматтык камсыздоо”, “Кесиптик математика”, ал эми кардар менен туура иш алып барууда “Фармациядагы этика жана деантология”, “Фармациядагы сабаттуулук” предметтеринин окулуп жатышы жакшы жетишкендик. Бүгүнкү күндөгү адистер менен камсыз кылууда, алардын билими, маданияты жогору экендигин “Сонун-Фарм” фирмасынын директору Н.А.Куралова өз сөзүндө белгилөө  менен окутуучулар, С. Абазова, Г.Алимбаева, Р.Казаковаларга  ыраазычылык билдирди. Келген коноктор студенттердин кызыккан суроолоруна жооп беришти. Адистик боюнча келечекте актуалдуу бир топ аткарыла турган жумуштардын үстүндө талкуу жүргүзүлдү, методикалык теориялык жактан дагы кошумча иштер бар экендиги белгиленди. “Фармация жана медайымдык иш” бөлүмүнүн бөлүм башчысы  С.М.Термечикова жолугушуунун катышуучуларына ыраазычылык кат тапшыруу менен ар бир сунуш карала тургандыгын билдирди.

 

 

  • ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ИЙГИЛИКТҮҮ ИШ АЛЫП БАРУУ ЖОЛУ ТАЛКУУЛАНДЫ
  • ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ИЙГИЛИКТҮҮ ИШ АЛЫП БАРУУ ЖОЛУ ТАЛКУУЛАНДЫ
  • ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ИЙГИЛИКТҮҮ ИШ АЛЫП БАРУУ ЖОЛУ ТАЛКУУЛАНДЫ