ЗАМАНБАП ЭЛЕКТР ОРНОТМОЛОРДУ БИЛҮҮ ЖАШ ЭНЕРГЕТИКТЕР ҮЧҮН МААНИЛҮҮ
Mar 31, 2022 425
Өндүрүштүк практиканын иштерин жакшыртуу боюнча тажрыйба алмашуу максатында Жалал-Абад жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын жетекчилиги менен электроэнергетика жана механика кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамынын ортосунда иш чара өткөрүлдү. Окутуучулар тарабынан профессор А.Аширалиев теория менен практиканы айкалыштыруудагы айрым бир методикалык ыкмалар боюнча кыскача баяндама жасады. Ал эми өндүрүш тараптан Жалал-Абад жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын жетекчиси Эмилбек Касымович студенттерге заманбап электр орнотмолордун ичинен элегаздык выключательдин өзгөчөлүктөрү жөнүндө кыскача лекция окуду.
Мындан ары дагы электроэнергетика жана механика кафедрасы менен Жалал-Абад жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын ортосунда кызматташуу улана бермекчи!