AVN







КАЙРЫМДУУЛУК ЖООМАРТТЫККА ҮНДӨЙТ

КАЙРЫМДУУЛУК ЖООМАРТТЫККА ҮНДӨЙТ
 Mar 31, 2022  450

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Жалал-Абад шаардык мэриясынан 2022-жылдын 21-февралындагы № 60-б буйругу КРнын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-февралындагы №110 “Социалдык адилеттүүлүктүн дүйнөлүк күнүн өткөрүү жөнүндөгү” токтомунун негизинде, социалдык адилеттүүлүктүн бир айлык өнөктүгүн өткөрүү максатында Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун экономикалык - юридикалык факультетине тизме боюнча бөлүнгөн жарандарга Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун экономикалык-юридикалык факультетинин жамааты тарабынан Егунова Галина Андреевнага 2 миң сом өлчөмүндө тамак аш азыктары жана 500 сомдук материалдык жардам жеринде көрсөтүлдү. Егунова Галина Андреевнага  Экономикалык – юридикалык факультеттин өкүлдөрү тарабынан кабар алынды жана мындан ары факультет тарабынан кайрымдуулук иш чараларын такай жүргүзүлүп туруусу колго алынды.