Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты профилинин 3- курсунун студенттерин кесиптик- базалык практикага жиберүү алдындагы конференция өткөрүлдү. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы,ф.и.к. Анара Кадырова кесиптик-базалык практиканын максаты милдети тууралуу маалымат берди. Кафедранын улук окутуучусу Гүлбайра Ашимбаева кесиптик-базалык практика өтөө үчүн жиберилген билим берүү мекемелери, кафедрадан дайындалган усулчулар, практиканын жыйынтыгы боюнча тапшырыла турган иш кагаздары тууралуу баяндады. Конференцияга катышкан ф.и.д.и. Абдувалиев, ф.и.к. А. Оморов, ф.и.д. М.Мирзахидова, ф.и.к. Г. Бакирова, улук окутуучу А. Шерипбаевдер мугалимдик кесиптин түйшүктүү жана сыймыктуу учурлары тууралуу ой бөлүшүп, насаат айтып, практиканттарга ак жол каалашты. Белгилей кетсек, Кт--1-19 тайпасында жалпы 12 студент бар. Алар окуу процессинин графигине ылайык 2022- жылдын 4- апрелинен 7- майга чейин 5 жумалык мөөнөтко кесиптик - базалык практикасын өтөө үчүн Жалал-Абад шаарындагы жана Сузак районундагы билим берүү мекемелерине жиберилди. Бул тууралуу кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын улук окутуучусу Гүлбайра Ашимбаева кабарлады.