AVN







Кембридж баалоосунун окутуучусу Грег Арчер ЖАКтын студенттери үчүн конок лекция өттү

Кембридж баалоосунун окутуучусу Грег Арчер ЖАКтын студенттери үчүн конок лекция өттү
 Mar 30, 2022  348

Жалал-Абад колледжинин чет тили адистигинин Атк-2-19, Атк-01-20, Атк-3-19 тайпаларынын студенттери үчүн вебинар уюштурулду. Вебинарда Кембридж баалоосунун окутуучусу Грег Арчер «How to develop speaking skills in English fluently деген темада студенттерге конок лексия өттү. Анда Грег Арчер студенттерге англис тилинде эркин сүйлөөнүн жана аны өнүктүрүүнүн жолдору жөнүндө айтып берди. Лекция учурунда студенттер өздөрү кызыккан суроолорун берип, жооптор алынды. Вебинар кызуу талкуу менен коштолду. Конок лекциянын уюштуруучусу Замира Женалиева,- «Мындай конок лекцияларды уюштуруп туруу учурдун талабы. Анткени студенттердин англис тилинде эркин ой жүгүртүүсүн жана сүйлөөсүн шарттайт.» -деди.